2023-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 872 миң литр күйүүчү май алынган

 2023-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 872 миң литр күйүүчү май алынган

2023-жылы өлкө боюнча рейддик салык контролунун жүрүшүндө тиешелүү документтери жок 872 миң литрден ашык күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) тартып алынган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Ведомствонун маалыматына таянсак, эсепке алынбаган КММди сатууда аныкталган эреже бузуулар боюнча 2 млн 939 миң сом административдик айып салынган.

 

Салык кызматы КРнын мыйзамдарына ылайык КММди чекене сатуу автомай куюучу станцияда автоматташтырылган башкаруу системасын жана контролдук-кассалык машинаны колдонуу менен ишке ашырыла тургандыгын эскертет.

 

Ошондой эле мунай жана мунай заттарынын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөө үчүн контролдук пломбалар жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонулат.

 

КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик айыптар каралган.

Связанный пост