2022-жылы Чүй облусуна 546,6 млн сом бөлүнгөн
2022-жылы Чүй облусуна 546,6 млн сом бөлүнгөн. 2023-жыл 328,2 млн сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Чүй облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 546,6 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:
- Теңдөөчү трансферт – 103,6 млн сом;
- Максаттуу трансферттер – 443,0 млн сом, анын ичинен:
– ыйгарым укуктарды берүүгө – 37,4 млн сом;
– муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына – 174,1млн сом;
– маданият кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына – 55,7 млн сом;
– электр энергиясына болгон 50% компенсациясына – 1,2 млн сом;
– жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга –109,6 млн сом;
– “Мыкты айыл өкмөтү” наамына – 0,5 млн сом;
– башкы пландарга – 8,5 млн сом;
– жылуулук энергиясынын карызын жабууга – 40,1 млн сом;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына – 15,9 млн сомду түздү.
Чүй облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 288 долбоор ишке ашырылып, ага 95,7 млн сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:
- Мектептерге 23 долбоор – 41,1 млн сом;
- Саламаттыкты сактоо мекемелерине 2 долбоор – 3,4 млнсом;
- Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 10 долбоор – 27,8 млн сом;
- Спорттук курулуштарга 1 долбоор – 2,8 млн сом;
- Маданий маанидеги объектилер 6 долбоор – 12,0 млнсом;
- Бала-бакчаларга 5 долбоор – 8,6 млн сомго акча каражаты каржыланды.
Капиталдык салымдар беренесинен Чүй облусу боюнча 2022-жыл ичинде 3,3 млрд сом каралып, толугу менен каржыланган.
2023-жылга республикалык бюджеттен Чүй облусуна 558,6 млн сом каралат.
Чүй облусу боюнча теңдөөчү трансферттин көлөмү 328,2млн сом менен бекитилип, ал райондор боюнча төмөнкүчө:
- Аламүдүн району – 5,1 млн сом;
- Кемин району – 20,2 млн сом;
- Ысык-Ата району – 80,0 млн сом;
- Сокулук району – 55,7 млн сом;
- Жайыл району – 70,5 млн сом;
- Москва району – 36,4 млн сом;
- Панфилов району – 15,6 млн сом;
- Чүй району – 44,7 млн сом бөлүнөт.