2022-жылы өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыян 27 млн долларды түзгөн

 2022-жылы өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыян 27 млн долларды түзгөн

Кыргызстанда 2022-жылы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен 150дөй адам каза болуп, өзгөчө кырдаалдардан орточо жылдык зыян 27 млн доллар деп бааланган. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев “Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясында билдирди.

Анын айтымында, дүйнөлүк глобалдык жылуулануу процесси Кыргызстанда да байкалып, 2022-2023-жылдары өлкө тарыхында эң ысык аба ырайы катталган.

“Учурда бизди тынчсыздандырган көрүнүштөрдүн бири климаттын өзгөрүшү болууда. Анткени, тоолуу аймактар үчүн бул өзгөчө курч маселе. Биз мөңгүлөрдүн көлөмүнүн кыскарышын, экосистеманын балансынын бузулушун жана сел жүрүү, жер көчкү, суу ташкыны, кургакчылык сыяктуу табигый кырсыктардын көбөйүшүн байкап жатабыз. Өзгөчө мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышы бизди тынчсыздандырат. Борбор Азия жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматы боюнча акыркы 70 жылдын ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга, ири мөңгүлөр 17 пайызга кыскарган. Алдыга коюлган тапшырма экологиялык көйгөйлүү маселелерди белгилөө гана эмес, аны чечүүнүн жолдорун аныктоо”,- деди министр.

Ошондой эле Медер Машиев өз сөзүндө Кыргызстан үчүн тоолордун мааниси өзгөчө жогору экендигин белгилеп өттү.

“Кыргызстан тоолордун өлкөсү. Биздин маданият, тарых, каада-салт жана жашоо образыбыз тоолор менен тыгыз байланышта. Биз тоолор жөнүндө айтып эле койбостон, анда жашайбыз. Кыргызстан үчүн тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү бул теория эмес, жашоонун зарылчылыгы”,- деди ал.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост