2022–2027-жылдарга электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасы бекитилди
Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын 2022–2027-жылдарга өнүктүрүү программасы бекитилди.
Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган документ 2022–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын электр жана почта байланыш тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Буга катар 2022–2027-жылдарга электр жана почта байланыш тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу жооптуу аткаруучулардын тиешелүү жылдарга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат деп белгиленген.