БШК Жаныбек Абировду мандатынан ажыратты

 БШК Жаныбек Абировду мандатынан ажыратты

КР Борбордук шайлоо комитети Жаныбек Абировду депутаттык мандатынан ажыратты. Бул чечим бүгүн отурумда кабыл алынган.

Бүгүн маалымдангандай, Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган.

Эскерте кетсек, 12-мартта милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 03:30дар чамасында Бишкек шаарынын Элебесов көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адамдар анын денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылып, ага “мээнин жабык жаракаты” деп диагноз коюлган. Болуп өткөн окуянын видеосу интернетке таркаган. Бир катар ЖМКлар мушташкандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировго окшош экенин жазган. Бишкекте катталган мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат президент Садыр Жапаровго берилген. Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары эки адам кармалды.

Связанный пост