Караколдо мас абалында унаа айдагандыгы үчүн кармалган судья отставкага кетти

 Караколдо мас абалында унаа айдагандыгы үчүн кармалган судья отставкага кетти

8-мартта саат 23:55 чамасында Каракол шаары боюнча ЖККБНЫН инспекторлору КР ИИМ Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте облустук борбордо кызмат өтөшкөн. Жакыпов көчөсүндө 1974-жылы туулган Б.Ж. башкарган “Тойота Виш” маркасындагы унаа токтотулган. Милиция кызматкерлери айдоочу мас абалында деп шектенишкен. Кийинчерээк медициналык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгында айдоочу мас абалда экени аныкталган.

Бул факт боюнча КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193-беренесинин 1-бөлүгү (“мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын айдоосу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууну өткөрүп берүүсү”) боюнча протокол түзүлгөн. Бул беренеге ылайык, алкоголдук мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратууга алып келет.

Соцтармактарда Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Б. Ж. “Тойотанын” рулунда отургандыгы тууралуу маалымат таркаган.

Бүгүн, 24 мартта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Каракол шаарында жакында болгон окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбековдун процесстин тараптарынын бирине  соттун аныктамасын бербегендигине байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун судьясы Жеңишбек Барынбаев менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков өз каалоолору менен  судьялык кызматтан кетүү туурасында  арыздарын беришти. Судьялар сот бийлигинин беделине көлөкө түшүргөн аракеттерге барганын моюнга алышты.

Ошондой эле, кеңешменин жыйынтыгында Каракол шаардык сотунун судьясы Азамат Абдираевге карата сот адилеттигин ишке ашырууда одоно мыйзам бузууга жол бергендигине байланыштуу тартиптик жаза чарасын көрүү жөнүндө сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Связанный пост