150 күндө Ысык-Көлдөн 16 тонна 261 кг таштанды чыгарылды

 150 күндө Ысык-Көлдөн 16 тонна 261 кг таштанды чыгарылды

ӨКМге караштуу Суучулдар борборунун суучулдары көлдүн түбүндө кезектеги тазалоону кызуу улантышты.

Жайкы мезгилдеги эс алуудан кийин көл жээги, суунун түбү кайталанып тазаланууда. Акыркы 8 күн ичинде “Радуга Батыш”, “Дордой” жээктерин, Кош-Көл айылындагы «Коворкинг – резорт Акжол», «Кыргыз таңы», «Волвет курорту» пансионаттарынын жана Тору-Айгырдагы “Голливуд лагери», «Маяк», “Джордж Джованна” лагерлери, Балыкчы шаарынын тушундагы көл түбү текшерилди. Ошондой эле бир нече айылдардын тушу балык уулоочу торлордон тазаланды.

150 күндө жалпысынан көлдүн 222 412,6 гектар аянты тазаланып, 16 261 кг ар кандай таштанды жана 101 450 метр балык уулоочу торлор чыгарылган.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши 2023-жылдын 12-мартында башталган.

Связанный пост