14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү
![14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/08/15762598745507466_1a24-850x560.jpg)
14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы билдирди.
Киркомстром аймагындагы акыркы аялдамадагы оңдоо иштерине байланыштуу 2022-жылдын 15-августунан 20-августуна чейин №14 троллейбус Бейшеналиева-Москва-Фучик көчөлөрү менен жүрөт.
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт!