10 айда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 13,4 млрд долларды түздү

 10 айда Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 13,4 млрд долларды түздү

2024-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 13,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 6,4%га көп. Cоода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорт 23,3%ды, импорт 76,7 %ды түздү.

Экспорттук берүүлөрүнүн көлөмү 3,1 млрд долларды түзүп, 2023-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 25,2%га өстү. Өлкөнүн экспортунун өсүшүнүн негизги себеби мурдагыдай эле алтын болуп саналат, анын үлүшү экспорттолуучу продукциянын жалпы көлөмүнүн 34,1%ын түзөт.

Алтынды эсепке албаганда экспорттун көлөмү 2,1 млрд АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 21,9 %га өстү. ЕАЭБ өлкөлөрү менен экспорттун көлөмүнүн өсүшү экспорттун жалпы көлөмүнө олуттуу таасирин тийгизет.

Ал эми импорттолгон товарлардын көлөмү 10,3 млрд долларды түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,8%га өстү.

Импорттун көлөмүнүн өсүшүнүн басаңдашы үчүнчү өлкөлөр менен сооданын өсүшүнүн начарлашы менен байланыштуу, бул соода операцияларына олуттуу таасирин тийгизген эл аралык санкциялардын натыйжасы.

Связанный пост