1 млн 350 миң сомдук контрабандалык күрүч аныктады
Оперативдүү бажынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында товарларды мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы маалымдады.
КР жараны “Ш.Б.А.” башкаруусунда “Volvo FH12” маркасындагы автотранспорт каражатынын жүк бөлүгүн бажылык кароодо Кыргыз Республикасында ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товарды коштоочу документтери жок күрүч товары аныкталган.
Кармалган товардын жалпы салмагы 9 000 кг., баасы 1 350 000 сом. Бул факт КБР МЭЖ АДСда катталган.
Бул материал боюнча жалпы суммасы – 464 919 сом айып санкциялары жана тиешелүү бажы төлөмдөрү төлөнгөн.