Өзгөндөгү ишкана жашылчаларды кайра иштетип, сатууга чыгарууда

 Өзгөндөгү ишкана жашылчаларды кайра иштетип, сатууга чыгарууда

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Өзгөн районунун Шералы айылында жайгашкан органикалык күнөскана чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бул чарба 2012-жылы негизделип, учурда аймактагы экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири болуп эсептелет.

Күнөскана 3,3 гектарды ээлейт. Анда помидор, бадыраң, калемпир, лимон, брокколи жана капуста сыяктуу жашылчалар өстүрүлөт.

Долбоор жеңилдетилген банктык насыялардын эсебинен каржыланган.

2021-жылдан тарта чарба жашылчаларды кайра иштетип, кургатылган помидор жана калемпир өндүрүүдө. Ал эми 2023-жылдан бери жогорку сапаттагы аджика чыгарылууда.

2014-жылы бул чарба Голландиянын PUM программасынын алкагында адистерди окутуу үчүн эксперт чакырган. Андан кийин чарбанын жетекчиси жана кызматкерлери Голландияга барып, күнөскана бизнеси боюнча тажрыйба алышкан.

Бакыт Төрөбаев ишкананын жетишкендиктерин жогору баалап, мындай чарбалар айыл чарбасын модернизациялоонун, жергиликтүү өндүрүштү колдоонун жана экспорттук потенциалды жогорулатуунун маанилүү багыты экенин белгиледи.

“Органикалык өндүрүш – дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү тармак. Кыргызстанда ушундай үлгүлүү чарбалардын көбөйүшү айыл экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошот”, – деди министр.

Связанный пост