Өзбекстандын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана көп улуттуу Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады.
“Боордош элдерибиздин жалпы душманга каршы биргелешкен баатырдык күрөшү, чыныгы эрдиктин жана кайраттуулуктун айкын мисалы, кандуу согуштагы жалпы даңктуу Жеңиш алтын тамгалар менен биздин өлкөлөрдүн тарыхында жазылган.
Боорукердик жана урмат көрсөтүү, адамзатты фашизм апаатынан куткарган биздин урматтуу ардагерлерибиз жана ата-бабаларыбыз үчүн жагымдуу шарттарды түзүү азыркы муундун милдети болуп кала берет”, – деп айтылат куттуктоодо.
Өзбекстан Республикасынын Президенти биргелешкен чечкиндүү аракеттердин аркасында боордош элдердин ортосундагы көптөн берки достукка жана ынак коңшулаштыкка негизделген стратегиялык өнөктөштүк мамилелери мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишеним билдирди.
Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана бакубатчылык каалады.