Өз кесибинин мыктылары министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланды

Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондор кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланып, алкышка татыды.

Салтанаттуу иш-чара “Ынтымак Ордодо” өттү.

Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды. Ал өз сөзүндө бүгүнкү сыйлык ээлеринин арасында өз ишинде мыкты натыйжаларга жетишкен ар кыл тармактын ээлери бар экенин айтып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады.

“Бүгүн сиздер министрлер кабинетинин ардак грамотасына жана алкышына татып жатасыздар. Сыйлангандардын арасында коомубуздун ар кыл тармагынын өкүлдөрү: саламаттык сактоо, билим берүү адистери, ишкерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлери жана башкалар бар. Мамлекет эли менен күчтүү, мамлекет сиздердей ак ниет иштеген адам ресурстары менен күчтүү. Эң башкысы жерибизде тынчтык болсун, мекенге ак кызматыңыздарды өтөй бериңиздер. Сыйлыгыңыздар менен куттуктайм. Бүгүнкү алган сыйлыгыңыздар мындан да жогорку сыйлыктарды алууга тепкич болуп берсин”, – деди Адылбек Касымалиев.

Белгилей кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин ардак грамотасы жана алкышы 70тен ашык кыргызстандыкка ыйгарылды.

Связанный пост