Өткөн жылы Жалал-Абад облусу боюнча 52 млрд. 666 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

 Өткөн жылы Жалал-Абад облусу боюнча 52 млрд. 666 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү

Өткөн жылы Жалал-Абад облусу боюнча 52 млрд. 666 млн. сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев маалымдады.

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин 2023-жылда жасаган иштери боюнча отчетторун, 2024-жылга карата иш-пландарын талкуулаган жыйыны өтүүдө.

 

Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев 2023-жылы облус аймагында аткарылган социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.

 

2023-жылы облустун аймагында 1402 ишканалар ачылып, анын эсебинен 5571 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Облус башчысы бул көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 549 ишканага жана 2128 жумуш орундарына жогору болгонун белгиледи.

 

Ыйгарым укуктуу өкүл 2023-жылы өнөр жай тармагында ишке берилген ири инвестициялык долбоорлорду атады. Ага катар аймакта 23 орто жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор даярдалып, 7 чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүп жатканын, анын ичинен 4 чакан ГЭСтердин курулуштары аяктап, 2 мини ГЭС ишке берилгенине токтолду.

Связанный пост