Өткөн жумада республика боюнча 4,4 миң КРВИ менен ооругандар катталган
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо, КРВИ жана коронавирустук инфекцияга чалдыгуу боюнча жума сайын мониторинг жүргүзөт.
Үстүбүздөгү жылдын 40-жумасында (03.10 – 08.10.23) сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын жумалык мониторингинин маалыматы боюнча республика боюнча 4408 КРВИ катталган, и.к. өткөн жумага салыштырмалуу 62,5 (39-жума 4563 учур 64,7) КРВИ менен ооругандардын 1,0%га азайганы байкалган. Бардык оорулардын 61,1%ы 14 жашка чейинки балдар түзөт (2693 учур).
Учурда сасык тумоого каршы вакциналар республиканын бардык аймактарына таратылып, сасык тумоого каршы эмдөө иштери жүрүп жатат жана биринчи кезекте тобокелдик тобундагы адамдар эмделет.
Бишкекте – 2177, Чүй облусунда – 14704, Нарын облусунда – 444, Ош облусунда – 474, Ысык-Көл облусунда – 3546, Талас облусунда – 626, Жалал-Абад облусунда – 1409, Чүй облусунда – 14704, Ошто – 515 эмделген, бардыгы болуп 38 599 адам. Баткен облусунда эмдөө 09.10.2023-ж башталды.
Кошумчалай кетсек, эмдөө Бишкек шаарында төмөнкү жеке медициналык борборлордо акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт: Малыш МБда; Гиппократ; Эдельвейс; Кроха; Клиника 312; МБ “KG”; ЦАДМИР; Интермедикал; Авиценна.
Ошондой эле, ОААжМСЭКБ жума сайын коронавирустук инфекцияга мониторинг жүргүзүп, мониторингге ылайык, 6 учур катталганын белгилейт. Коронавирус инфекциясы боюнча абал туруктуу деп бааланууда.