Өткөн жумада КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандар азайды
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу кабарлады.
Ведомствонун маалыматына караганда, 27-октябрдан 2-ноябрга чейин республика боюнча жалпысынан КРВИнин 6574 учуру катталган (интенсивдүүлүк көрсөткүчү – 91,0). Салыштырганда өткөн жумада көрсөткүч 1,9%га төмөндөдү.
Бардык ооругандардын ичинен 63,8% — 14 жашка чейинки балдар (4192 учур) түздү. Ооругандардын 6,7% (441 учур) ооруканага жаткырылгандар.
Республикалык көрсөткүчтөн жогору деңгээлдеги оорулар Бишкек, Ош шаарларында, Нарын, Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталды.
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча эпидкөзөмөл улантылууда.