Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо департаментине мамкызмат көрсөтүүдөн дээрлик 44 млн сом түштү
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин атайын эсебине 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн 43 млн 938 миң сом акча каражаты түштү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, каражаттар төмөнкү кызмат көрсөтүүлөрдөн чогулган:
– Фитосанитардык сертификатты берүүдөн 29 млн 745 миң сом;
– лабораториялык экспертиза жана изилдөө жүргүзүүдөн 6 млн 244 миң сом;
– карантинге алынуучу продукцияларды, каражаттарды жана кампа жайларды зыянсыздандыруудан 3 млн 258 миң сом;
– химиялык жана биологиялык иштетүүдөн 2 млн 407 миң сом;
– анализ жана текшерүү жүргүзүүдөн (токсикология) 2 млн 282 миң сом түшкөн.