Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн
Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августта күндүн экинчи жарымында жана 4-августтан 6-августка чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.