Өлкөдө жыл аягына чейин экспорттун көлөмүн 70 млрд сомго жеткирүү пландалууда

 Өлкөдө жыл аягына чейин экспорттун көлөмүн 70 млрд сомго жеткирүү пландалууда

Жыл аягына чейин экспорттун көлөмүн 70 млрд сомго жеткирүү пландалган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Агроөнөр жай тармагынын приоритеттүү секторлоруна инвестиция тартуу” аттуу форумда билдирди.

Анын айтымында, кайра иштетүү өнөр жай тармагында өндүрүштүк процесстер жана көрсөткүчтөр жанданып, жыл сайын өсүш көрсөтүүдө.

“Азыркы учурда биздин продукция 80ден ашуун өлкөгө экспорттолуп, экспорттук корзина 60тан ашык түрдү түзөт. 2024-жылы жалпы экспорттун көлөмү дээрлик 39 млрд сомду түздү, ал эми ушул жылдын аягына чейин биз 70 млрд сомго жеткирүүнү пландап жатабыз”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Айыл чарба министрлигинин демилгеси менен “WAPinvest 2025” инвестициялык форуму өтүүдө.

Связанный пост