Өлкөдө бир катар тармактарды бюрократиядан арылтуу боюнча реформалар башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев курулуш иштерине уруксат алуу жана медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды реабилитациялоо процессин бюрократиядан арылтуу боюнча 100 күндүк реформаларды баштоону жарыялады.

Аппараттык жыйындын жүрүшүндө, минкаб башчысы белгилегендей, Кыргызстанда курулуш тармагы тез өнүгүүнү көрсөтүп, экономиканын локомотивинин ролун ойноп жатат, бирок азыркы учурда административдик тоскоолдуктар курулуштун темпин олуттуу басаңдатып жатат. Керектүү документтерди чогултуу, экспертизадан өтүү жана уруксат алуу 90 күндөн 6 айга чейин созулат, кээ бир учурларда андан да көп убакыт талап кылынат.

Курулуш секторун өнүктүрүүнү тездетүү максатында бир катар негизги чаралар сунуш кылынды:

 1. Уруксаттарды алуу үчүн талап кылынган убакытты кыскартуу:

–       ири объекттер үчүн учурдагы 180 күндүк мөөнөт 50 күнгө чейин төмөндөтүлсүн (өнөр жай долбоорлор, аянты 500 чарчы метрден жогору, бийиктиги 3 кабаттан жогору объекттер, инженердик линиялар);

–       орто аянттагы объекттерге учурдагы 90 күндөн кыскартылып, 30 күндөн ашпаган мөөнөттө уруксат кагаздары берилсин (500 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 3 кабаттан ашпаган);

–       чакан объекттерге жаңы “сверхупрощенный”/“өтө жөнөкөйлөтүлгөн” режимди киргизүү зарыл – 15 күндө уруксат алуу механизми иштеп кетиши керек (150 чарчы метрге чейинки жана бийиктиги 1 кабаттан ашпаган жеке турак үй);

  1. Курулуш процесстерине катышкан бардык мамлекеттик органдар үчүн эксперттик баа берүүнүн жана уруксат берүүнүн бирдиктүү мөөнөттөрү менен бирдиктүү ченемдик укуктук базаны түзүү, анын ичинде техникалык шарттарды берүү жана инженердик тармактарга кошуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, эскирген стандарттарды жоюу.

Адылбек Касымалиев бул реформаны ишке ашыруу көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөргө алып келиши керектигин баса белгилеп, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине жана тиешелүү мамлекеттик органдарга 100 күндүн ичинде коюлган тапшырмаларды аткарууну тапшырды.

Министрлер кабинетинин төрагасы андан ары дагы бир маанилүү маселе медициналык-социалдык экспертизаны дебюрократизациялоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санариптик чечимдер аркылуу реабилитациялоо болуп саналат деп улантты.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, медициналык-социалдык экспертизадан (МСЭК) өтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды реабилитациялык жардам алуу жана абилитациялоо процедурасы татаал бюрократиялык тоскоолдуктар менен коштолууда. Жарандар медициналык-социалдык экспертиза комиссиясынан майыптык статусун ыйгаруу жөнүндө кагаз түрүндө маалымкат алгандан кийин социалдык кызматтарга, медициналык мекемелерге, протездик заводдорго жана башка органдарга өз алдынча кайрылууга аргасыз болушат. Бул процесс кеминде 30 күнгө созулат, олуттуу убакытты жана каржылык чыгымды талап кылат жана буга чейин колдоого муктаж болгондор үчүн кошумча кыйынчылыктарды жаратат. Эффективдүү социалдык коргоо системасынын ордуна адамдар ашыкча кыйынчылыктарга туш болушат.

Системаны түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн үч негизги реформаны ишке ашыруу сунушталууда:

1)      ведомстволор аралык маалымат алмашууну автоматташтыруу;

2)      электрондук реестр түзүү. Бул реестрде майыптык статусу тууралуу маалымат автоматтык түрдө жаңыртылып, керектүү мекемелерге жеткирилиши керек.

3)      процедураларды жөнөкөйлөтүү жана кагаз жүгүртүүнү кыскартуу. Бир документти бир нече жолу тапшырууну жоюу. Жеке барууну минималдаштыруу үчүн онлайн кызмат көрсөтүүнү кеңейтүү. Реабилитациялык жана социалдык жардам берүү процессин 5 күндүн ичинде толугу менен бүтүрүү.

Ошондой эле Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте 100 күндүн ичинде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Связанный пост