Өлкөдө 60-70% өрт кырсыгы тамактануу жайларында катталат

Өткөн аптада Токмок шаарында жана Кемин, Чүй райондорундагы тамактануу жайларында, соода түйүндөрүндө өрт коопсуздугунун эрежелери текшерилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аларга коопсуздук эрежелерин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү баракчалары таркатылды.
Статистикага таянсак, өрттүн 60-70% чыгуусу тамактануу жайларда жана соода түйүндөрүндө катталат.
Айрыкча өрт кырсыктары газ баллондордун туура эмес колдонулушунан, бузук абалдагы электр зымдарын жана башка электр каражаттарын колдонуудан келип чыгат.
“Андыктан коомдук тамактануучу жайларда жана соода түйүндөрүндө өрт коопсуздугун талаптарын так сактоону эскертебиз”,-деп айтылат маалыматта.