Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда

 Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда

Өлкөдө 32 медициналык мекеме курулууда, – деди президенттин администрациясынын маалыматтык саясатынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков.

Ал ошондой эле бул тармакка бөлүнгөн каражаттын көлөмү дагы жылдын жылга өсүп жатканын кошумчалады.

“Мындан 5 жыл мурда, коронавирус Кыргызстанды каптаганда, биздин медицинанын күчү сыналган. Пандемиянын кесепети келечек үчүн көп сабак берди. Андан бери 5 жыл өттү, Кыргызстан өнүгүүгө карай багыт алып, бардык тармактарда өзгөрүүлөр болууда. Медицина да четте калган жок. Көп нерсе акырындап оңолуп, жаңыртылып келе жатат.

Мамлекет саламаттыкты сактоого өзгөчө көңүл буруп жатат. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаты дагы жылдан-жылга көбөйүүдө. Мисалы:

  • 2021-жылы 26, 3 млрд сом;
  • 2024-жылы 42 млрд сом;
  • 2025-жылы 49,6 млрд сом.

Бул жөн эле сандар эмес, ар бир кыргызстандык өз өлкөсүндө жакшы, сапаттуу медициналык жардам алышы керек деген максат.

Быйыл 32 жаңы медициналык имарат курулуп жатат:

  • Бишкекте – 5;
  • Ош облусунда – 6;
  • Чүй облусунда – 3;
  • Ысык-Көлдө – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 9;
  • Нарын облусунда – 2;
  • Баткен облусунда – 1″, – деп жазды ал.

Связанный пост