Өлкө аймактарында жакында 22 туристтик объект ачылат

 Өлкө аймактарында жакында 22 туристтик объект ачылат

Өлкө аймактарында жакында 22 туристтик объект ачылат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган улуттук долбоор башталган.

“40 райондо – 40 туристтик объект” демилгеси министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин протоколдук тапшырмасынын негизинде жүзөгө ашырылууда.

2025-жылы долбоордо жалпы 63 туристтик объект курулат:

– маалымат борборлору;

– кемпингдер;

– көрүү аянтчалары;

– музейлер;

– эс алуу аймактары.

Учурда 41 объект пайдаланууга берилди, дагы 22си ачылууга даяр.

Долбоор өлкө боюнча туризмди туруктуу өнүктүрүүнү, жаңы жумуш орундарын түзүүнү, чакан жана орто бизнести колдоону, маданий жана табигый мурастарды сактоону, туристтик секторго инвестицияларды тартууну камтыйт.

Долбоорго Туризм департаменти координациялоо жүргүзөт.

Связанный пост