Өлкө аймагындагы жолдордо жана ашууларда кум-туз аралашмасы чачылууда

 Өлкө аймагындагы жолдордо жана ашууларда кум-туз аралашмасы чачылууда

Учурда өлкөдөгү жолдордо жана ашууларда Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында кум-туз аралашмасы себилип, жол тазалоо иштери жүрүп жатат.

Ушундай эле иштер Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларында уланууда.

Министрликтен белгилешкендей, Бишкек –Ош автомобиль жолундагы Сосновка, Арал посторунда жана Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу авто унааларга коюлган чектɵɵлɵр дагы деле күчүндɵ.

Буга байланыштуу мекеме тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жол эрежесин сактоого чакырат.

Связанный пост