Өлкө аймагында бир жума ичинде 22 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 6-майдан тартып, 12-майга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 023 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-313;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -319;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-74;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-780;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 418;
-Авто ээнбаштык – 8;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 457;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 653;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 683 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.