Өлкө аймагында бир жума ичинде 21 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 31-июлдан тартып, 6-августка чейин, 21 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-196;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -251;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-57;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 565;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 311;
-Авто ээнбаштык – 9;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 720;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 019;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 415 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.