Өлкө аймагында бир түндө 55 мас айдоочу аныкталды
Жаңы жыл майрамынын астында 30-декабрдан 31-декабрга караган түнү өткөрүлгөн рейддик иш-чаранын алкагында өлкө аймагында жол эрежелерин одоно бузган 2 184 айдоочулар аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- мас абалында унаа башкарган 55 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 64 айдоочу;
- ылдамдыкты ашырып айдаган 467 айдоочу;
- каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 31 айдоочу;
Ошондой эле 217 авто унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчун айып короо жайына токтотулду. Рейддик иш-чара бүгүн да күчөтүлгөн тартипте улантылат.