Өлкө аймагында өткөн жумада СOVID-19дун 5 жаңы учуру катталды

 Өлкө аймагында өткөн жумада СOVID-19дун 5 жаңы учуру катталды

Өлкө аймагында өткөн жумада СOVID-19 инфекциясынын 5 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

 

Жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, жумасына экиден алтыга чейин учур катталып, коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

 

Бешинчи жумада оорунун 5 учуру катталды. Алар – Бишкекте – 1, Ошто – 1, Ош облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1.

 

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 инфекциясына мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Связанный пост