ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

 ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 13-14-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

15-16-ноябрларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° ка жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка үчүн коркунучтуу. Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Связанный пост