ӨКМ: Өлкөдө үшүк жүрөт. Тоодо мал кармоого жана эс алууга чыгууну токтотуп туруңуз

 ӨКМ: Өлкөдө үшүк жүрөт. Тоодо мал кармоого жана эс алууга чыгууну токтотуп туруңуз

2023-жылдын 2-майынан 6-майына чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, жаан жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды айрыкча мал жаюу үчүн тоого чыгууга жана эс алууну токтотуп турууга чакырат.

Бул кундөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу),

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

“Айдоочулар, унаага дөңгөлөк чынжырчасы, күрөк, дары-дармек топтому жана гүлазык, ысык суу алыңыздар. Зарылдыгы болбосо алыскы жолго чыгууну башка күндөргө жылдырыңыз. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды чектеңиз!”,- деп белгилейт ӨКМ.

Ошондой эле 3-6-майында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2°  түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч туудурат.

Связанный пост