Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Министрлик акыркы 4 жылда генерацияны көбөйтүү максатында эскирген ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоого өзгөчө көңүл бөлүүдө.

Учурда “Электр станциялар” ААКтын Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын реконструкция иштери күчөтүлгөн режимде жүрүүдө. Иш үчүн зарыл жабдуулардын 94 пайызы жеткирилген.

Коюлган планга ылайык, жумушчу топ объектти күз-кыш мезгилине карата өз убагында ишке киргизүү үчүн иш алып барууда.

Учурда төмөндөгүдөй иштер аткарылууда:

  • №3 гидроагрегат – башкаруу шкафтарын жөнгө салуу, көзөмөл кабелдерин төшөө, жумушчу дөңгөлөктү чогултуу, жөнгө салуу системасынын түтүктөрүн монтаждоо, НА канаттарын орнотуу жана жабдууларды борборлоштуруу;
  • Ротор ГГ-3 – ротордун үстүнкү кысуучу планкасынын ширетүү иштери аяктады.
  • Май чарба системасы – түтүктөрдү монтаждоо иштери жүрүүдө;
  • Туруктуу көтөрүү механизми АРЗ ТВ – лебёдка механизминин пайдубалын орнотуу жана СУР ГА-3түн паздарын лазердик тазалоо (жогорку бьефте).

Иштерди ноябр айына бүткөрүү пландалууда. Экинчи агрегат алмаштырылгандан кийин станциянын кубаттуулугу 9 МВтка жогорулайт.

Связанный пост