Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда
Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Министрлик акыркы 4 жылда генерацияны көбөйтүү максатында эскирген ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоого өзгөчө көңүл бөлүүдө.
Учурда “Электр станциялар” ААКтын Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын реконструкция иштери күчөтүлгөн режимде жүрүүдө. Иш үчүн зарыл жабдуулардын 94 пайызы жеткирилген.
Коюлган планга ылайык, жумушчу топ объектти күз-кыш мезгилине карата өз убагында ишке киргизүү үчүн иш алып барууда.
Учурда төмөндөгүдөй иштер аткарылууда:
- №3 гидроагрегат – башкаруу шкафтарын жөнгө салуу, көзөмөл кабелдерин төшөө, жумушчу дөңгөлөктү чогултуу, жөнгө салуу системасынын түтүктөрүн монтаждоо, НА канаттарын орнотуу жана жабдууларды борборлоштуруу;
- Ротор ГГ-3 – ротордун үстүнкү кысуучу планкасынын ширетүү иштери аяктады.
- Май чарба системасы – түтүктөрдү монтаждоо иштери жүрүүдө;
- Туруктуу көтөрүү механизми АРЗ ТВ – лебёдка механизминин пайдубалын орнотуу жана СУР ГА-3түн паздарын лазердик тазалоо (жогорку бьефте).
Иштерди ноябр айына бүткөрүү пландалууда. Экинчи агрегат алмаштырылгандан кийин станциянын кубаттуулугу 9 МВтка жогорулайт.