Зоран Миланович Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Зоран Миланович Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Хорватия Республикасынын Президенти Зоран Миланович Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Хорватия Республикасынын жарандарынын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге абдан кубануу менен эң жылуу куттуктоолорумду билдирем жана өлкөңүздүн бардык жарандарына прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм.

Хорватия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык мындан ары дагы өз ара кызыкчылык туудурган көптөгөн тармактарда өнүгүп жана чыңдала берет деп ишенем. Ошондой эле, экономикалык кызматташтыгыбызды мындан ары да чыңдоо өтө маанилүү деп эсептейм», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост