ZOOM эл аралык видеожаңылыктар сынагынын кийинки туру Кыргызстанда өтөт
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Түркиянын жаңылык операторлор ассоциациясынын төрагасы Айтэкин Полателди жана түрк маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жолугушууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн маалымат агенттиктери менен телеканалдарынын ортосундагы кызматташууну кеңейтүү, биргелешкен медиа долбоорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланды.
“27 жылдан бери өтүп келген ZOOM эл аралык видеожаңылыктар сынагы тууралуу да пикир алмаштык.
Аталган конкурс дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген операторлор менен журналисттердин мыкты жаңылык видеолору бааланган ири эл аралык медиа иш-чара.
Өткөн жылы ал Бакуда, быйыл Анкарада, ал эми кийинки, 29-ZOOM видеожаңылыктар сынагы Кыргызстанда өтөт.
Мындай жолугушуулар жана долбоорлор түрк дүйнөсүнүн медиа тармагындагы байланышты чыңдап, кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө болот”,-деген ал.
Ал ошондой эле сынактын шарттары, жол-жобосу тууралуу кошумча маалымат берилерин кошумчалады.