Жылдын I жарымында “Кумтөр” компаниясынын таза кирешеси 13,3 млрд сомду түздү

2025-жылдын I жарымында “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза кирешеси 13,3 млрд сомго жетти, – деди компаниянын жетекчиси Бузурман Субанов металлургдардын кесиптик майрамын белгилөө учурунда.
Анын маалыматына караганда, салыштырмалуу былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 9,6 млрд сомду, ал эми 2023-жылы 8,9 млрд сомду түзгөн.
Ал өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 16,1 млрд сом которулганын кошумчалады.