Жыл башынан тартып 486 миңден ашуун жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталды
ЖКККББнын борбордук аппаратында Ички иштер министринин орун басары милицияныны генерал-майору Октябрь Урмамбетовдун, ЖКККББнын башчысы Азамат Исраиловдун жана орун басарларынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 6 айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.
Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан 486 миң 083 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик буджетке 241млн. 310миң 765 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 38млн. 647 миң 865 сомго көп.
Алардын ичинен:
-Мас абалында унаа башкарган 5 миң 440 айдоочу (17,81 пайызга азайган) ;
-Ылдамдыкты ашырып айдаган 71 миң 172 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 1 миң 696 айдоочу;
-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 4 миң 910 айдоочу;
-Автоээнбаштык кылган 206 айдоочу;
-Жол белгилерине баш ийбеген 188 миң 799 айдоочу;
-Коопсуздук курун тагынбаган 137 миң 612айдоочу;
-Башка жол эрежелерин бузган 76 миң 248 айдоочу.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 37 миң 764 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө, ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов жана ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жол кырсыктарынын алдын алуу, туристтик мезгил учурунда коопсуздукту күчөтүү, жер-жерлердеги бош кызмат орундарга кызматкерлерди толуктоо жана кызматтын кызыкчылыгы үчүн, кызматкерлерди жер-жерлерге ротация иштерин улантуу боюнча тапшырмалар коюлду.