Жыл башынан бери жол тармагына 3,9 млрд сом бөлүндү
2023-жылы КР Транспорт жана коммуникация министрлигине 17,8 млрд сом каралган.
Иш жүзүндө беш айдын ичинде жол тармагына – 3,9 млрд сом каржыланды. Жол тармагынын негизги иш-чаралары 2023-жылга карата:
жол-курулуш техникасын сатып алуу;
битум сатып алуу;
жолдорду асфальттоо;
жолдорду оңдоо жана куруу.