Жыл башынан бери Ветеринария кызматына 599 млн сом бөлүндү
КРнын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына 2023-жылга такталган бюджет 749,0 млн сом суммасында каралган. Анын ичинен бюджеттик каражаттар 743,6 млн сомду түзөт.
Анын ичинде:
– эпизоотияга каршы иш-чараларга – 86,9 млн сом;
– ветеринардык диагностикага – 205,6 млн сом;
– жаныбарларды идентификациялоого – 30,0 млн сом.
2023-жылдын 31-августуна карата каралган каражаттын эсебинен 599,1 млн сом каржыланды.
Жыл ичинде эмгек акы жана соцфонд беренелери боюнча кошумча 137,0 млн сом каралган.