Жыл башынан бери Талас облусунда 10,4 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду
Талас облусунда 10 миң 401 “акылдуу” эсептегич орнотулду.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен райондор боюнча алганда:
– Талас району — 3 320;
– Манас району — 1 250;
– Бакай-Ата району — 2 884;
– Айтматов району — 2 947.
Белгиленгендей, 2025-жылдын аягына чейин облус боюнча жалпы 36 742 даана “акылдуу” эсептегич орнотуу пландалууда.