Жыл башынан бери Свердлов акимчилигине 996 кайрылуу түштү

 Жыл башынан бери Свердлов акимчилигине 996 кайрылуу түштү

Алты айдын ичинде Свердлов районунун администрациясына жазуу жүзүндө 996 арыз  келип түштү.

Жарандардан келип түшкөн кайрылуулардын негизги тематикалары  турак жай-коммуналдык чарба жаатына тиешелүү болгон. Көрсөтүлгөн  убакыт ичинде түшкөн  306 арыз жашоочуларды кызыктырган көрктөндүрүү, жер тилкелери, санитардык тазалоо, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, контейнердик аянтчаларды тейлөө, ошондой эле транспорт маселелери түзгөн.

Материалдык жардам сурап 263 жаран кайрылган, ал эми коомдук тамактануу жайларынын иши боюнча 60 кайрылуу келип түшкөн.

Курулуш жана турак-жай шарттарын жакшыртуу боюнча – 184,  короо-аянттарын көрктөндүрүү жана турак жай менчик ээлеринин шериктештиктеринин иши боюнча – 18 кайрылуу болгон. Ошондой эле юридикалык жардам сурап  165 жаран кайрылган.

Связанный пост