Жыл башынан бери Россиядан 3 миңдей мигрант депортацияланды

2025-жылдын биринчи жарымында Россия Федерациясынан мыйзам бузган 2,8 миң мигрант депортацияланган. Бул тууралуу Интерфакс Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды.
Анда белгиленгендей, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 17%га көп.
Ошондой эле бул аралыкта 791 чет элдик жаран орус жарандыгынан ажыратылган.
Жыл башынан бери Ички иштер министрлиги чет өлкөлүктөргө убактылуу жашоого уруксатты 31,6%га (16,6 миң) жана жашоого уруксатты 32,2%га (80,1 миң) аз берген.
Алты айда патент боюнча мигранттар менен эмгек келишимин түзүү жөнүндө билдирүүлөрдүн саны (1,2 млн.) 30,1%га жана уруксаты бар жумушчулар 64,2%га (70,7 миң) көбөйгөн. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары менен мындай келишимдерди түзүү жөнүндө билдирүүлөргө да катталган (+32,0%, 491,7 миң).
Эске салсак, Россиянын ички иштер органдары Россиянын мыйзамдарынын талаптарын сактабаган чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүсүн чектөө боюнча иштерди күчөткөн.
Булак “Кабар” агенттиги