Жыл башынан бери Ош облусунда 11,5 млрд сомдук инвестиция өздөштүрүлдү
Жыл башынан бери Ош облусунда 11,5 млрд сомдук инвестиция өздөштүрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында облустун 9 айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйында айтылды.
Мындай көрсөткүч былтыркы жылдын деңгээлине салыштырмалуу 181,4 пайызды түздү. Инвестициялык көрсөткүч облустун бардык райондорунда байкалды.