Жыл башынан бери ОСАГО боюнча 32 жаранга 3 млн сомдон ашык компенсация төлөндү

2025-жылдын башынан учурга чейин ОСАГО боюнча 32 жаран компенсация алып, анын жалпы суммасы 3 млн 381 миң 692 сомду түздү. Бул тууралуу “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын жыйынтыгы менен автотранспорт ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полистери боюнча 48 жаранга 4 млн 320 миң 153 сом суммада төлөмдөр жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, ОСАГО боюнча төлөмдөр автожүргүнчүлөргө жана жол кырсыгына кабылган жарандарга убагында материалдык колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берип, жолдордогу коопсуздукту жана жарандардын каржылык жактан корголушун арттырат.
Ошол эле учурда Мамлекеттик камсыздандыруу уюму камсыздандыруу полисин убагында түзүү жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо маанилүү экенин эскертет.
Маалымат үчүн: ОСАГО – бул транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу, ал жол кырсыктарынан жапа чеккен үчүнчү жактарга келтирилген зыянды жабууга багытталган.
Башкы кенсе: Бишкек, Ч.Айтматов проспектиси, 2-имарат, 4- кабат.
Бишкек филиалы: Москва көчөсү 71, 2-этаж.
Байланыш номери : +996 707
545-400, +996 553 545-400.
Жумуш убактысы: 9:00-18:00.