Жыл башынан бери Кыргызстанга чет өлкөдөн таза кандуу 245 баш жылкы алып келинген

Жыл башынан бери Кыргызстанга чет өлкөдөн таза кандуу 245 баш жылкы алып келинген. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында чет өлкөлөрдөн асыл тукум малдар алып келинүүдө. Анын ичинен 2025-жылдын март айына карата Кыргызстанга 245 баш жылкы алынып келинди.

Бул жергиликтүү жылкылардын породалык сапаттарын жакшыртууга салым кошуп, алардын генетикалык потенциалын жана жалпы өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин адистери чет өлкөдөн алып келинген аттардын тукумдук баалуулугун алардын тукумдук паспортторунун маалыматтарынын негизинде кылдат эксперттик баа беришет.

Связанный пост