Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 4,2%га өстү
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 808 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдириди.
Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 4,2%га өскөн.
Ал белгилегендей, өсүш тейлөө тармагы – дээрлик 52%, өнөр жай – 14%, айыл чарбасынын үлүшү 11%, курулуш – 5%га тармактары менен камсыз болгон.