Жыл башынан бери Кыргызстанда 10 машина-трактордук станция түзүлдү
Жыл башынан бери Кыргызстанда 10 машина-трактордук станция түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 мамлекеттик, 2 муниципалдык жана 7 жеке менчик МТС болуп саналат. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырганда 16 пайызга өстү. Натыйжада 65 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Мындан тышкары, Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагындагы “Сельэнерго” ишканасынын базасында дагы бир мамлекеттик МТС ачуу пландалууда. Тендер аркылуу 50дөн ашык айыл чарба техникасын сатып алуу каралган. Учурда алардын 20дан ашыгы алынган.
МТСтин толук кандуу иштеши үчүн техникаларды сатып алуу менен катар, имараттарды оңдоо жана инфраструктураны жакшыртуу иштери жүргүзүлөт. Жаңы мамлекеттик МТСтин ачылыш аземи 15-ноябрга белгиленген.
Ошентип, ар бир райондо агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды түзүү планына ылайык, республика боюнча жалпы 182 МТС уюштурулду.
Алардын 62си — муниципалдык, 120сы — жеке менчик.