Жыл башынан бери күйүүчү майдан алынган акчадан Жол фондуна 172 млн сом түштү

 Жыл башынан бери күйүүчү майдан алынган акчадан Жол фондуна 172 млн сом түштү

Жыл башынан бери бензин жана дизель майынын ар бир литрине алынган 1 сомдон Жол фондуна 172 млн сом түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Жол фондунун карамагында 17 каржы булак бар. Анын ичинен учурда 11 каржы булагы киреше алып келүүдө. Жалпы каржы булактарынан жыл башынан бери фондго 942 млн сом чогулуп, анын ичинен 646 млн сом жол курууга жумшалган.

“Жол фондуна түшкөн каражаттан быйыл 277 чакырым жолго асфальт төшөө, жолдорду оңдоп-түзөө, көпүрө салуу жумуштары жасалат. Негизи жолдорду тейлөөгө жылына 10 млрд сом керектелет. Бирок бюджеттен болгону 2 млрд сом бөлүнөт”,-деди ал.

Связанный пост