Жыл башынан бери бош жумуш орундардын жарманкелерине 23 миңден ашык адам катышты
Жыл башынан бери бош жумуш орундардын жарманкелерине 23 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ЖИА бизнес-ассоциациясынын Төрагасы Жоодар Омошов менен болгон жолугушууда билдирди.
Жыйынга ошондой эле бирикменин өкүлдөрү – директору Жээнбай уулу Аззамбек жана юридикалык бөлүмдүн башчысы Бакыт Сартмаметов катышты.
«Быйыл өлкө боюнча ишке орноштуруу кызматтары тарабынан жумушсуз жарандар, биринчи кезекте жаштар үчүн 100 бош жумуш орун жарманкеси уюштурулду. Ага 1,2 миң иш берүүчү жана 23 миңден ашык жаран катышты», – деди министр.
Гүлнара Баатырова бош орундардын жарманкелерин өткөрүүгө Бизнес Ассоциациясынын кошкон салымын белгиледи
Жолугушууда калкты иш менен камсыз кылуу жаатында, курулуш тармагында мындан аркы кызматташуунун багыттары талкууланды.