Жыл башынан бери балык өндүрүү 23 миң тоннадан ашты
2023-жылдын 9 ай ичинде балык өндүрүү 23164,7 тоннаны түздү. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.
– Чүй облусунда бардыгы 13646,4 тонна товардык балык өндүрүлдү, анын ичинен кубулжума жилингир – 11695,9 тонна, бакма каңылтыр – 339,3 тонна, Башка түрлөрү – 1611,2 тонна;
-Ы сык-Көл облусунда бардыгы 3308,6 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир -2962,9 тонна, бакма каңылтыр – 137,1 тонна, башка түрлөрү – 208,6 тонн;
– Нарын облусунда бардыгы – 2037,2 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир -1827,3 тонна, бакма каңылтыр – 51,8 тонна, башка түрлөрү – 158,1 тонна;
– Ош облусунда бардыгы – 53,5 тонна, анын ичинен бакма каңылтыр – 37,2 тонна, башка түрлөрү – 16,3 тонна;
– Жалал-Абад облусунда бардыгы – 3569,4 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир – 3569,4 тонна;
– Талас облусунда бардыгы – 549,6 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир – 549,6 тонна.
Республика боюнча бардыгы – 23164,7 тонна, анын ичинен кубулжума жилингир – 20605,1 тонна, бакма каңылтыр – 565,4 тонна, башка түрлөрү – 1994,2 тонна.