Жыл башынан бери айдоочулар 95 миңден ашуун жол эрежелерин бузган
Жыл башынан бери 95 миң 584 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында 2025-жылдын алгачкы айынын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеңешме айтылды.
Онлайн кеңешмеге башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков жана анын орун басарлары, ошондой эле аймактардагы бөлүм башчылар катышты.
Жыйында маалымдалгандай, январь айында жалпысынан 95 миң 584 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, бир ай ичинде мамлекеттик бюджетке 38 млн 638 миң сом өндүрүлгөн.
Алардын ичинен:
– Мас абалында унаа башкарган 1422 айдоочу;
– Ылдамдыкты ашырып айдаган 14 293 айдоочу;
– Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 445 айдоочу;
– Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 966 айдоочу;
– Автоээнбаштык кылган 89 айдоочу;
– Жол белгилерине баш ийбеген 41 499 айдоочу.
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 11 379 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол кырсыктарын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар берилди.
Айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди.
Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюлду.